Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президентин Кыргызстанга чакырды


Чонг У Тэк жана Садыр Жапаров.
Чонг У Тэк жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бул тууралуу мамлекет башчы 14-июлда Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алганда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгиледи. Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көңүл буруларын айтты.

Президент Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жеңилдетилген тартибин карап чыгуу маселесин да көтөрдү. Чонг У Тэк бул сунуштар өлкө жетекчилигине жеткириле турганын билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG