Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Депутат Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлду.

Анын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мындай норманын иштелип чыгышына соңку жылдары добуш берүүчүлөрдүн саны азайып баратканы себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди.

“Коом шайлоого, мамлекеттик чечимдерге кайдыгер болууда. Мамлекеттин ишине кайдыгер адамга да чара көрүлүшү керек. Алсак, президенттик да, парламенттик да шайлоолор жалпы шайлоочулардын 30% менен гана өтүп жатат”, - деди ал.

Икрамов мындай тажрыйба Европанын бир катар өлкөлөрүндө, Түркияда да колдонулуп жатканын, Кыргызстанда олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу сунушталганын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 39,75%, парламенттик шайлоого 34,93% катышкан.

Бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоого 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) катышты. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоо болуп калды. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG