Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ашимбаева: "Ай Кью" мектеби былтыр 19 балага аттестатты мыйзамсыз берген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Токмок шаарындагы “Ай Кью" менчик мектептин аттестат ала албай жаткан бүтүрүүчүлөрү тууралуу түшүндүрмө берди.

Бишкекте 14-июлдагы басма сөз жыйынында министрдин орун басары Токтобүбү Ашимбаева бул мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун айтты. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын белгиледи.

Ашимбаева аталган мектеп былтыр дагы 19 бүтүрүүчүгө аттестатты мыйзамсыз бергенин, буга байланыштуу министрлик укук коргоо органдарына кайрылганын, эми юридикалык баа берилиши керектигин айтты.

“Мектеп мындай жагдайга карабай билим берүүнү уланта берген”, - деди Ашимбаева.

Министрдин орун басары учурда аттестат ала албай жаткан 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты окуп бүтүүгө шарт түзүлө турганын кошумчалады. Маселени министрликтин алдында түзүлгөн комиссия иликтей турганы белгилүү болду

Мунун алдында Токмоктогу “Ай кью” жеке менчик мектебинде 84 окуучу аттестация ала албай жатканы айтылып, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG