Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

ТИМ Европарламент кабыл алган резолюция боюнча өкүнүчүн билдирди


Кыргызстандын желеги
Кыргызстандын желеги

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламент 13-июлда кабыл алган резолюцияга өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу тышкы иштер мекемеси тараткан билдирүүдө айтылат.

Европарламенттин депутаттары көпчүлүк добуш менен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басымды айыптаган резолюцияны жактырган.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө «Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет» - деп жазылган.

Ошондой эле резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабаганы белгиленет.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун - “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

“Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин бузулушу катары айыптаган.

Министрликтин билдирүүсүндө "Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселе сот аркылуу чечилгенин жана резолюцияда белгиленген мыйзам долбоорлору талкуу этабында гана экени белгиленген.

Дипломатиялык мекеме сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын, Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө үчүн ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантып жатканын билдирген.

12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медианын" ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги"Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарган жана соттук териштирүүнү токтоткон.

Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG