Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

Түркмөнстанда кайыр сурагандар жапырт кармалууда


Түркмөнстандагы Балкан облусунун бийлиги кайыр сураган жана үй-жайы жокторго каршы рейд өткөрүп, жапырт кармап жатат. Анын алкагында ондогон адам, анын ичинде балдар жана майыптар дагы полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Бийлик муну «кайыр сурагандар президенттин беделине шек келтирип жатканы» менен түшүндүрдү.

Түркмөнстан алтын жылдан бери экономикалык кризиске дуушар болуп келет. Өлкөдө жумушсуздук күч алып, калктын жашоо деңгээли дароо төмөндөп кеткен. Мындан улам Борбор Азиядагы бул мамлекетте кембагалдардын жана кайыр сурагандардын саны кескин көбөйдү.

Расмий Ашхабад экономикалык каатчылыкты жана калктын жашоо деңгээли түшкөнүн мойнуна албай келет. Жумушсуздук жана жакырлардын саны боюнча маалыматтар дээрлик айтылбайт.

Буга чейин Түркмөнстанда тамеки чегүүгө каршы кампания күч алганы кабарланган. Полиция кальян чегүүгө шек саналгандардын үйлөрүн тинтип, тамеки чеккендерди жана саткандарды мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүп, кечирим сураткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG