Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Европарламент Кыргызстандагы адам укуктары, сөз эркиндигине басым тууралуу резолюцияны колдоду


Европарламенттин мүчөлөрү кезектеги жыйында. Франция, Страсбург. 12-июль, 2023-жыл.
Европарламенттин мүчөлөрү кезектеги жыйында. Франция, Страсбург. 12-июль, 2023-жыл.

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция добушка коюлду. Жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы аны колдоду.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун - “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

“Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин бузулушу катары айыптады.

Андан тышкары Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынышына өкүнүчүн, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кесиптик ишмердигин аркалаганы үчүн кыргыз жарандыгынан чыгарылып, Орусияга депортация болгонуна тынчсыздануу билдирген. Темировго коюлган айыптарды алууга, анын жарандыгын калыбына келтирүүгө үндөгөн.

Кемпир-Абад ишинин алкагында айыпталган укук коргоочу аялдар Гүлнара Журабаевага, Клара Сооронкуловага, Рита Карасартовага жана Асия Сасыкбаеваге коюлган айыптарды тезинен жокко чыгарууга чакырды.

Европарламенттин кайрылуусуна Кыргызстандын бийлиги комментарий бере элек.

Бишкек шаардык соту 12-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медианын" ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарган жана соттук териштирүүнү токтоткон.

“Азаттык Медианын” ишине карата бардык чектөөлөр алына турган болду. Медианын веб-сайты, банк эсеби былтыр октябрдан бери бөгөттөлүп турган.

"Азаттыкты" чектеген бул чечимдер эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын кескин жана тынымсыз сынына кабылып келген.

Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги корголорун, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG