Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Улуу Үркүндүн курмандыктары эскерилет


Үркүн тууралуу иллюстрациялык сүрөт.
Үркүн тууралуу иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш быйыл 11-13-августта өтөт. Бул тууралуу бүгүн 13-июлда “Азаттык” радиосуна “Тосор коому” уюмунан билдиришти. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда быйыл үчүнчү жыл уюштурулуп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул жолу эки топко бөлүнүп алып Тосор, Токсо-Булак, Дуулат-Булак, Кайыңды, Алтын-Күңгөй, Ашуу-Төр жерлеринде болуп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет.

Уюштуруучулар 1916-жылкы эгемендик үчүн болгон улуу көтөрүлүштү эскерүү “Толук эгемен келечек үчүн, аталарыбыздын эгемендик күрөшүнө таазим кылуу үчүн, көмүскө калган тарых барактарын урпактардын эс-тутумунда бекиши үчүн, манкурттуктан кутулуу үчүн” өткөрүлүп жатканын белгилешти.

“Тосор коомунун” алгачкы эскерүү жүрүшү 2021-жылы өткөн. Трекинг түрүндө уюштурулган акцияга 50 чакты адам катышкан, алар жалпысынан 27 чакырым жерди жөө басып өтүшкөн. Былтыркы жүрүшкө жүздөй адам катышкан.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү тоо аралап Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилеп келишет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG