Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Тажикстанда камактагы адвокат Ёровго дагы он жылдык жаза берилди


Бузургмехр Ёров 2015-жылы көз боемочулук жана документтерди жасоого шек саналып камалган.
Бузургмехр Ёров 2015-жылы көз боемочулук жана документтерди жасоого шек саналып камалган.

Тажикстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго каршы козголгон соңку кылмыш ишине байланыштуу сот өкүм чыгарды.

Анда "өзгөчө оор көлөмдө алдамчылыкка" күнөөлүү деп табылып, дагы 10 жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмү окулган жараянга адвокаттын жактоочусу жана жакындары киргизилген жок.

Ёровдун бир тууганы Жамшед Ёров "Азаттыктын" тажик кызматына соттун өкүмүн "өтө катаал" деп сыпаттады жана бир тууганы негизсиз 10 жылга соттолгонун билдирди.

Ушул жылдын май айында Ёровго каршы козголгон соңку кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөн. Камактагы адвокатка каршы төртүнчү иш ачылганы апрелде белгилүү болгон. Маалыматка караганда, кылмыш иши Вахдаттагы колонияда отурган бир кишинин арызынын негизинде козголгон.

Польшада жайгашкан "Бузургмехр" фонду аны "көз боёмочулук үчүн айыптап жатканын", бул иш ойдон чыгарылганын билдирген.

52 жаштагы Ёров 2015-жылы көз боёмочулук жана документтерди жасоого айыпталып камалган. Ага чейин ал Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын 14 мүчөсүн коргоп жүргөн. Кийин Ёров бийлик өкүлүнө, тажик президентине акарат келтирүү, сотту сыйлабагандыгы үчүн күнөөлөнгөн. 2016-жылы 28 жылга кесилген жана 2021-жылы мунапыска илинип, жаза мөөнөтү төрт жылга кыскарган.

2019-жылы БУУнун жумушчу тобу адвокаттын камалышын "эл аралык укукту бузуу" деп атаган. Уюм Ёров саясий оппозицияны коргогону үчүн куугунтукка кабылган деп, аны боштонуу талап кылган. Тажик бийлиги "сот анын күнөөсүн далилдегенин, иштин саясий боёгу жок экенин" айтып жооп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG