Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Поляк дарыгерлери Саакашвилинин саламаттыгын текшере баштады


Ушул айдын башында Михаил Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.
Ушул айдын башында Михаил Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.

Польшадан Грузияга барган дарыгерлер тобу экс-президент Михаил Саакашвилинин саламаттыгын текшере баштады.

Бул тууралуу поляк өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына "Биз досторубузду оор кыйынчылыкта калтырбайбыз. Менин өтүнүчүм менен поляк дарыгелери Грузияда Михаил Саакашвилини комплекстүү текшерүүдөн өткөрө баштады", - деп жазды.

Ушул айдын башында Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон. Мындан улам анын саламаттыгы тууралуу кооптонуулар айтыла баштаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы мамлекет башчысы Саакашвилини дарылатуу үчүн Украинага жөнөтүүнү талап кылган. Тбилиси бул талапты "ички ишке кийлигишүү" катары сыпаттаган.

Алты жылга соттолгон Саакашвили былтыр жыл аягында абактан Тбилисидеги жеке клиникалардын бирине которулган. Жактоочулар анын саламаттыгы тездик менен начарлап баратканын айтышкан. Саакашвили өзү уулануунун курмандыгы болгонун билдирген. Грузин бийлиги муну четке кагып келет.

Европарламент Тбилисини Саакашвилини бошотууга жана анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Украинанын жарандыгын алган Саакашвили 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG