Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

“Кумтөр” жумушчулардын жөлөкпул маселеси боюнча өкмөткө кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кумтөр Голд” компаниясы кызматкерлердин “эмгекке жарамсыздык баракчасын” кыянаттык менен пайдалануу маселесин чечип берүү өтүнүчү өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу азыркы тапта коомдук талкуудан өтүп жаткан өкмөттүк токтомдун негиздемесинде айтылды.

Токтомдун долбоору 4-августка чейин бир айлык коомдук талкууда болуп, тийиштүү мекемелердин жана коомчулуктун сунуш-пикирлери чогултуларын 12-июлда “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Долбоордун негиздемесинде айтылгандай, “Кумтөр Голд” ишканасынан өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун дарегине кайрылуу түшкөн. Анда бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жеке да, мамлекеттик да тоо-кен компаниялары “эмгекке жарамсыздык баракчасын” алган жумушчуга жана анын ордуна иштеп жаткан кишиге маянадан көп суммадагы жөлөкпул төлөп берери айтылган. Ошону менен катар мындай ыкманы абийирсиздик менен колдонгондор да бар экени белгиленген:

“Иш жүзүндө мындай баракчаны абийирсиз жумушчу кандайдыр бир пайда көрүү үчүн же тартип бузгандыктан жумуштан кетүүдөн коргонуп калыш үчүн колдонгон учурлар аз эмес” деп айтылат негиздемеде.

“Кумтөр Голддун” мындай кайрылуусунан кийин өкмөттүн тапшырмасы менен министрлик өкмөттүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Эгер токтом колдоо таап, кабыл алынса, тоо-кен ишканалары “эмгекке жарамсыздык баракчасынын” негизиндеги көбөйтүлгөн жөлөкпулду бийик тоолуу жана шарты оор алыскы аймакта туруктуу жашаган гана жумушчуларына төлөйт, андай аймакта туруктуу жашабагандарга жөлөкпул кадимки тартипте төлөнөт.

Бирок Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эгер мындай токтом кабыл алынса Кыргызстандын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге каршы келет жана терс социалдык, укуктук кесепеттерге алып келиши ыктымал деген корутунду берди.

Акыркы чечимди өкмөт коомдук талкуунун жыйынтыгына жараша кабыл алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG