Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуя боюнча иш кыскарды


Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.
Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы эркин журналист Ыдырыс Исаков менен “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча иш кыскартылганын 12-июлда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматкери Абсаттар Тавакалов “Азаттыкка” билдиргендей, иш майда бейбаштык катары каралып, бул боюнча административдик чара көрүлөт. Ал Койчукуловго салына турган айыптын көлөмүн сот аныктай турганын кошумчалады.

Облустук милиция 27-июнда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, анда Исаковдун денесине эч кандай залал келген эмес” деп бүтүм чыгарылганын билдирген.

Журналистке кол көтөргөн окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программанын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялаган.

Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кайрылуу таратып, муну сөз эркиндигине сокку катары мүнөздөгөн. Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгилешкен.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилип, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушу тапта өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 484 миң катталуучу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG