Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:19

Чукул кабар: Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абадда күн 41 градуска чейин ысыйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда бүгүнтөн, 12-июлдан тартып 14-июлга чейин абанын табы кескин жогорулап, күн катуу ысый турганы жазылган.

"Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы ыктымал. Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат",-деп жазылган маалыматта.

Адистердин айтымында, мындай ысык аба ырайы айрыкча улгайган адамдар, өнөкөт оорулары бар жарандар үчүн опурталдуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG