Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:32

Азербайжан Лачын коридорун кайрадан жапканын билдирди


Лачын коридору
Лачын коридору

Азербайжан Эл аралык Кызыл чырым уюмун жикчил аймакка мыйзамсыз жүк ташып жатат деп айыптады. Баку Армения Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жолду убактылуу жаап, Лачын коридору аркылуу кыймылды токтотконун Мамлекеттик коопсуздук кызматы 11-июлда кабарлады.

Кызыл чырым уюму Лачын коридору менен гуманитардык жүк гана өткөрүлөрүн билдирүүдө. Уюм жергиликтүү тургундарга медициналык каражаттар жеткирилерин, аны улантууга уруксат берүү керектигин айтып жатат.

Кийинчерээк Кызыл чырымдын жетекчилиги төрт жалданма айдоочу уюмдун логотиби убактылуу чапталган жеке автоунааларында коммерциялык жүк ташууга аракет кылганын, алар менен кызматташуу келишими дароо токтотулганын маалымдады.

Ереван буга азырынча комментарий бере элек.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун киши жер которгон. Андан бери да ортодо кандуу кагылыштар болуп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG