Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

CPJ казак бийлигин журналист Батырбековду бошотууга чакырды


 Амангелди Батырбеков күч кызматкери менен.
Амангелди Батырбеков күч кызматкери менен.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) казак бийлигин "Сарыагаш-информ" гезитинин редактору Амангелди Батырбековду тезинен бошотууга чакырды.

Укук коргоочулар 10-июлда тараткан билдирүүдө өткөн жылдын башында бир нече жолу "Жалаа жабуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кол салууга кабылган журналисттин 20 суткага административдик камакка алынышын "өтө кооптуу" деп аташкан. CPJ казак бийлигин жалган жалаа боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана журналисттердин кесиптик милдеттерин аткарышын камсыз кылууга үндөйт.

Өткөн аптада Түркстан облусунун соту Амангелди Батырбековду "ар-намыска шек келтирди" деген айып менен 20 суткага камакка алган. Айыптоого анын Фейсбуктагы "Жемкорлукпу же эмне?" деген посту себеп болгон. Анда журналист парламент мажлисинин депутаты Болатбек Нажметдинулынын коррупциялык кылмыштарга катыштыгы бар болушу мүмкүн деп жазган.

Ал Нажметдинулы 2019-жылы "алдамчылык" боюнча кылмышка шектүү деп табылып, кийинчерээк бул иш "табышмактуу түрдө" токтотулганын жазган. Депутат сотко кайрылып, муну ушак деп атаган.

Журналист чечимге макул болбой, доо арыз менен кийинки инстанцияга кайрыларын билдирген.

Амангелди Батырбеков Казакстандын түштүгүндөгү белгилүү журналист. Ал бир нече жолу кысымга кабылып, муну өзү, жактоочулары кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG