Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

Байден менен Сунак Украинадагы согушту талкуулашты


Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак менен Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Даунинг-стрит дарегиндеги премьер-министрдин кеңсесинде сүйлөшүп отурушат. 10-июль, 2023-жыл. Лондон.
Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак менен Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Даунинг-стрит дарегиндеги премьер-министрдин кеңсесинде сүйлөшүп отурушат. 10-июль, 2023-жыл. Лондон.

АКШ президенти Жо Байден 10-июлда Лондондо Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак менен жолукту. Байден эки мамлекетти «бекем достук» байланыштырып турарын баса белгиледи. Эки лидер Украинадагы согушту жана анын НАТОго кошулуусу тууралуу маселелерди талкуулашты.

Европага сапарга чыгар алдында Байден Киевди аскердик альянска кошуу боюнча өнөктүктө этият болууга чакырган.

"НАТОдо Украинаны азыр, согуш күчөп турган маалда аскердик альянска кошуу тууралуу бирдиктүү пикир бар деп ойлобойм", - деген Байден CNN телеканалына курган маегинде.

Бир нече күн мурда Американын президенти Украинага кассеталык ок-дарыларды жиберүү чечимин жактырган. Мындай ок-дарыларга 100дөн ашуун өлкөдө тыюу салынган. Арасында Британия да бар. Орусия, Украина жана АКШ Кассеталык ок-дарыларды өндүрүүгө, сактоого, колдонууга жана башкаларга берүүгө тыюу салган конвенцияга кол коюшкан эмес.

Кийинчерек Байден Виндзор сарайында падыша Чарльз III менен жолугуп, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштү талкуулады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG