Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

“Манас” театрында алты акындын иштен кетиши боюнча жыйын өттү


"Манас" театрынын имараты.
"Манас" театрынын имараты.

Улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу алты акындын театрдан иштен кеткенине байланыштуу бүгүн, 10-июлда жыйын болгонун “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Коомчулукта талкуу жараткан окуя боюнча театрыбызда жыйын болду. Акындар менен театр ортосунда пикир келишпестик, тирешүү жок экенин баса белгилеп айтабыз. Аталган акындар өздөрү арыз жазып иштен кеткендиктен, жеке чечимин сыйлайбыз. Эгер кайра кайтып келсе, кабыл алганга да даярбыз. Элмирбек Иманалиевдин шакирттери кодуланды деген кептер акылга сыйбайт. Эгер кодулай турган болсок, Иманалиевдин шакирттери Азамат Болгонбаев, Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова баш болгон таланттар да иштемек эмес. Ошондой эле жыйында күз айларында бүтө турган "Манас" этнографиялык комплексинин аймагындагы театрыбыздын имараты, репертуар жана башка маселелерди талкууладык”.

Буга чейин социалдык тармактарда “Манас” театрынан Асылбек Маратов, Мундузбек Усупбек уулу, Мундузбек Борончуев, Шайлообек Отунчиев, Темирбек Матыбаев жана Элмирбек Иманалиевдин (маркум Э.Иманалиевге аты-жөнү уйкаш жаш акын-ред.) иштен кеткени талкуу жараткан.

“Азаттыкка” Асылбек Маратов өз каалоосу менен арыз жазып кеткенин маалымдаган.

Улуттук макамы бар “Манас” театры 2021-жылы октябрь айында түптөлүп, 2022-жылдын март айында өкмөт тарабынан имарат берилген.

Театрга кеңсе катары берилген үй Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган. Жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына караган “Манас” театрында 83 штат бар. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG