Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

Иранда полиция бекетине кол салуу болду


Кол салуу болгон жер
Кол салуу болгон жер

Ирандын түштүк-чыгышында төрт согушкер 8-июлда полиция бекетине кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөнүн мамлекеттик телеканал билдирди.

Окуя Пакистан менен чек арадан 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Захедан шаарында болгон. Бийлик төрт согушкер жок кылынганын маалымдады.

Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар жана "Жейш ал-Адл" же "Адилет армиясы" деп аталган сунниттик жикчил топ өзүнө алганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG