Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:39

Өзбекстан БШКсы добуш берүү 70% жакындаганын билдирди


Шайлоо тилкесинен тартылган сүрөт.
Шайлоо тилкесинен тартылган сүрөт.

Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо Ташкент убактысы менен саат 17:00гө карата 13 миллион 459 миңден ашуун жаран добуш берип, катышуу 70% жакындаганын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Өзбекстандын шайлоо мыйзмдарына ылайык, добуш берүүчүлөрдүн теңи катышканда шайлоо өттү деп эсепелет. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат.

Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Шайлоодо оппозициядан талапкер жок. Ага катышууга аракет кылган Хидирназар Аллакуловдун “Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын" Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун колтамгалары жетишсиз экени жүйөө келтирилген.

30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.

36 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда шайлоодо добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 19 миллион 270 миңден ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG