Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:18

Жапаров Монголия менен соода алакадагы тоскоолдук тууралуу айтты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын мамлекет башчысы Ухнаагийн Хурэлсух.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын мамлекет башчысы Ухнаагийн Хурэлсух.

Монголиянын Улан-Батор шаарында мамлекеттик сапар менен жүргөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Монголиянын президенти "тарыхый мамлекеттик сапар" деп атап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берерин айтты. Ал Кыргызстандын президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун келгенин белгиледи.

Эки тарап бардык тармакта кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Президент Жапаров өз ара соода өнүктүрүүдө башкы тоскоолдук - транспорттук-логистика экенин абилдирди.

"Кыргызстан Азия автомобиль жолдорунун тармагы боюнча эл аралык жүк ташуулар жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кошулууга ниеттенүүдө. Кыргызстан өз продукциясын экспорттоого гана эмес, монгол продукциясын импорттоого да кызыкдар", - деген Жапаров Монголиянын Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашай турганын белгиледи.

Анын Монголияга мамлекеттик сапары 9-июлда башталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG