Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:03

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо башталды


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстанда бүгүн, 9-июлда президенттик шайлоодо өтүп жатат. Буга чейин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 28-июндан, 5-июлга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү болгонун кабарлаган. Ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышкан.

8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.

30-апрелде референдум өтүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.

Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG