Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болду


Айбек Артыкбаев.
Айбек Артыкбаев.

Президент Садыр Жапаров Айбек Артыбаевди Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кылып дайындады. Ал мындай жарлыкка 8-июлда кол койду. Артыкбаев 2021-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

Садыр Жапаров 9-11-июль күндөрү мамлекеттик сапар менен Монголияга барат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, сапар монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусунун негизинде уюштурулуп жатат. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлат жана Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылат.

"Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Тараптар эки өлкөнүн алака-катышынын абалын, андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги расмий ачылат. Эки мамлекеттин мамилесин чыңдоо жөнүндө биргелешкен декларацияга, бир катар чөйрөлөрдө кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлат",- деп билдирди Азымбакиев.

Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган жана бул өлкө алгачкы элчисин Бишкекке 2021-жылы октябрда жөнөткөн.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле 30 жылдан ашты. Бул өлкөнүн президенттери Бишкекке 2012-жылы жана 2019-жылы келип кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG