Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Камчыбек Ташиев "матроним" жөнүндө жарандык пикирин билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "матроним" тууралуу пикирин билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына "эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям",- деп жазды.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюу өзгөрүүсүз калат.

Конституциялык сот Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок. Мекеме бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген. Конституциялык соттун чечими акыркы жана ал даттанууга жатпайт.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканжа чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берди.

Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырган.

2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бардык инстанцияда утуп алган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбей турганын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG