Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Орусиянын Лиманга чабуулунан сегиз киши набыт болду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Орус армиясынын Украинанын Донецк облусуна караштуу Лиман шаарын аткылоосунан кеминде сегиз адам ажал тапты, дагы 13 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Павел Кириленко кабарлады. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын армиясы таңкы саат 10дордо ракета менен аткылаган. Анда жер тамдар, дүкөн жабыркады.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 8-июлга караган түнү Орусия "Шахед" дрондору менен аткылаганын, анын бешөө атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анда учкучсуз аппараттар Днепропетровщина жана Кировоградщинадагы өнөр жай жана инфраструктара объектилерине тийгени, баштапкы маалыматка ылайык жабыркагандар болбогону айтылат.

Мунун алдында Кривой Рогдо дрондордун чабуулунан бир адам жараат алганы, орточо оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланган. Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак эки жерде өрт чыкканын, бир нече кампа талкаланып, машиналар, жабдуулар кыйраганын айтты.

Кировград облусунун башчысы Андрей Райкович дагы 8-июлга караган түнү аймакка дрондор менен чабуул болгонун, анда "жараат алгандар, кыйроолор болбогонун" ырастады.

Орусиянын бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG