Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

Азербайжанда эки армян аскери 11,5 жылга эркинен ажыратылды


Эки армян аскеринин иши Сумгаит сотунда каралып жатат. Видеодон алынган кадр. 5-июль, 2023-жыл.
Эки армян аскеринин иши Сумгаит сотунда каралып жатат. Видеодон алынган кадр. 5-июль, 2023-жыл.

Азербайжанда сот армян аскерлери Арутян Овакимян менен Карен Казарянды 11,5 жылга эркинен ажыратты.

7-июлда Сумгаит шаарындагы сот аларды "Азербайжанда теракт уюштурууга даярданган, диверсия кылууга аракеттенген" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты. Армян тараптын билдирүүсүнө караганда, чек арадагы жоокерлерге суу жана азык-түлүк ташып бараткан аскерлерди май айында азербайжандык диверсанттар уурдап кетишкен.

Буга чейин Арменияда эки азербайжандык аскер кесилген. Гусейн Ахундов Капан айылынын тургунунун өлүмүнө айыпталып 20 жылга эркинен ажыраса, Агшин Бабиров чек арадан курал-жабдык менен мыйзамсыз өткөн деген айып менен 11,5 жылга кесилген.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабактын айынан ондогон жылдардан бери урушуп келишет.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения 4 миңдей, ал эми Азербайжан 3 миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Андан бери эки тараптын чек арадагы атышуулары утур-утур кайталанып, бул үчүн Баку менен Ереван бири-бирин айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG