Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Ошто кримчөйрөнүн өкүлү Умар Маратовдун үстүнөн зордуктоо боюнча арыз түштү


"Казак" каймана аттуу Умар Маратов. Архив.
"Казак" каймана аттуу Умар Маратов. Архив.

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” аттуу каймана ысымы бар мүчөсү Умар Маратов жана анын үч шериги "25 жаштагы кызды зордуктаганы" маалым болду.

Бул тууралуу кыздын жакындары “Азаттыкка” 7-июлда билдирди. Алар Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз жазганын, бирок шектүүлөргө карата териштирүү иштери кечеңдеп жатканын айтты.

Алар кызды алгач сабап, андан кийин Оштогу “Шанхай Сити” мейманканасында зордуктаганын айтышууда.

Ош облустук милициясы бул иш 26-июнда каттоого алынганын, тергөө купуя жүрүп жатканына байланыштуу шектүүлөрдүн кармалып же кармалбаганы айтылбай турганын билдирди.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү "Казак" деген каймана аты бар Умар Маратов ушул жылдын 28-майында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “опузалап талап кылуунун” негизинде иш козголгон.

Бирок ал көп өтпөй 1 млн. сом күрөө коюп, үй камагына чыгып кеткен. Башында анын бөгөт коргоо чарасы алгач эки ай деп белгилеген. Чечимди өзгөртүүнү караган судья Токтогул Жумаев баары мыйзамдын алкагында болгонун “Азаттыкка” айткан.

Умар Маратов буга чейин 16 жолу соттолгон. Буга чейин 2019-жылы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган. Үч жылдан кийин үй камагына чыгып кеткен. Ага карата чечим чыгарган сот иштен алынган. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG