Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Баткенде баасы 11 миллион долларлык агрардык долбоор башталды


Баткенде бышкан курма.
Баткенде бышкан курма.

Баткен облусунун аймагында айыл чарба аянттарын кеңейтүү, заман талабына ылайык продукция өндүрүүнү, сактоо, кайра иштетүү, айыл чарба продуктуларын экспортко чыгаруу, сугат суу жеткирүү, сууну үнөмдүү пайдаланууга багытталган долбоор башталганын облустук бийликтин басма сөз кызматы «Азаттыка» кабарлады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын жыйын өтүп, ишке ашырмай болгон АРИС уюмунун эксперттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары, долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Долбоордун алкагында AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин мүмкүнчүлүктөрүнө комплекстүү изилдөө жүргүзүп, алдыда жасалчу иштер аныкталган.

Буга чейин Дүйнөлүк Банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн. доллар бөлүнгөн. Анын 11 млн. доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. Долбоорду АРИС ишке ашырат.

Долбоордун алкагында сентябрь айына ар бир айыл өкмөтү, жеңилдетилген товардык кредиттерди алуу үчүн иш пландарды жана долбоорлорду билдирмелерди берип, каржылык колдоо алат.

Баткен облусунун ички дүң продукциясынын 30 пайыздайын айыл чарбасынан алынган киреше камыздайт. 10 миң тоннадай мөмө-жемиш, 20 миң тоннадай кургатылган өрүк экспорттойт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG