Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:22

Алимжанов аны мандаттан ажыраткан БШКнын чечими боюнча комментарий берди


Фарходбек Алимжанов.
Фарходбек Алимжанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мандатынан ажыраткан Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов Боршайкомдун чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал 6-июлда Кара-Суу районунда эл менен жолугуп жатканын айтып, жогорку окуу жайды бүткөнү тууралуу дипломду мыйзамдуу алганын билдирди.

“Баарын убакыт көрсөтөт. Мыйзам жолунда мындан ары аракет кылабыз. Муну билесиңер да. Эки жылдан бери келаткан маселе. Дипломум бар. Мен окуудан чыгып, кайра калыбына келтирип жатып беш эмес, 10 жыл окугам. Мен азыр эл менен чогулуштамын”, - деди Алимжанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 6-июлдагы отурумунда Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Жыйында билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков маалымат берип, Фарходбек Алимжановго диплом 2016-жылы мыйзам бузуу менен берилгенин айтты. Ал мындай чечимди министрликте түзүлгөн комиссия чыгарганын билдирди.

БШК ушул эле күнү парламенттеги “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун да диплому жасалма деген негизде мандатын жокко чыгарды. Билим берүү жана илим министрлиги ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окубаганын жана ага диплом берилбегенин билдирди. Фархат Исмаилов комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында Фархат Исмаилов 2000-жылы Кыргыз улуттук университетти, андан соң Юридикалык академияны бүтүргөнү, ал эми Фарходбек Алимжанов алгач Ош мамлекеттик университетин андан кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктаганы жазылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG