Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:07

Лукашенко Евгений Пригожин Беларуста эмес, Орусияда экенин билдирди


Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко жана «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин. Коллаж сүрөт.
Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко жана «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин. Коллаж сүрөт.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко «Вагнер» менчик аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин Беларуста эмес экенин билдирди.

«Евгений Пригожин тууралуу айтсам, ал Санкт-Петербургда. Бүгүн таңда ал кайда болот? Балким ал эртең менен Москвага кетип калгандыр», -деди Лукашенко 6-июлда чет элдик жана жергиликтүү журналисттер менен жолукканда.

Ал эми «вагнерчилер» тууралуу суроо берилгенде Лукашенко менчик аскердик компаниянын жоочулары өздөрүнүн туруктуу жайгашкан лагерлеринде экенин кошумчалады.

«Мендеги маалыматка караганда, «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын аскерлери өзүлөрүнүн туруктуу лагерлеринде. Фронттон чыккандан кийин кайра калыбына келүүгө, дарыланууга жана эс алууга кеткен лагерлеринде эле",-деди Лукашенко.

Ал азырынча бул компаниянын жоочуларын Беларуска көчүрүү маселеси толук чечиле электигин, жакынкы арада орус президенти Владимир Путин менен жолукканда бул теманы сүйлөшөрүн кошумчалады.

Беларустун авторитардык жетекчиси "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуста экенин 27-июнда ырастаган. Ошол эле күнү Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конгону маалым болгон.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" "куралдуу козголоң" уюштуруп, Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Беларуста атайын "вагнерчилер" үчүн лагерь да курулуп жатканы кабарланган. Бирок 6-июлдагы билдирүүсүндө Лукашенко муну четке какты.

«Бир нече мурдагы аскердик шаарчаларды сунуштаганбыз», - деди Лукашенко.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG