Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” соту 17-августта уланат


ЭлТР телеканалы менен “ПолитКлиника” медиасынын эн белгиси.
ЭлТР телеканалы менен “ПолитКлиника” медиасынын эн белгиси.

6-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча соттук отурум болду.

Соттук жараянда “ПолитКлиниканын” адвокаттары доогер тараптын арызына жооп берди. Жактоочу Алтынай Исаева “ПолитКлиниканын” материалында ачык булактардан алынган маалыматтар колдонулганын, коюлган доо негизсиз экенин айтып, соттон арызды четке кагууну суранды.

Кийинки отурум 17-августка дайындалды. Анда видеоматериал көрүлүп, күбөлөр сурала баштайт.

ЭлТР “ПолитКлиника” медиасынын “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Канал сөз болуп жаткан материалды интернеттен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, ЭлТРдин доосун сөз эркиндигине басым деп баалап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG