Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

УКМК: уюшма кылмыш топтун "Чач" деген каймана аттуу мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде кримчөйрөдө "Чач" деген каймана ат менен таанымал М.Э.М. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын ырасташынча, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган, буга чейин бир канча жолу соттолгон. Ошондой эле 2013-жылы Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы үчүн "смотрящий" деген макам алган.

"Ал Жалал-Абад шаарында базар ээлерин коркутуп, салык салууга аракет кылганы аныкталган. Учурда бул фактыларга байланыштуу тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүп жатат. Тинтүү маалында кылмышка шектүүдөн 10 граммга жакын "гашиш" заты табылып, экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган жаран баңги затын колдонгонун аныктоо үчүн экспресс-тесттен өткөрүлгөн жана анда оң натыйжа чыккан. Ал УКМКнын аталган облустагы тергөө абагына камалды",-деп жазылган маалыматта.

УКМК "Чач" деген каймана ат менен таанымал Эрнис Мурзахмедовду 2020-жылы ноябрда да кармаганын билдирген. Анда ал бир катар кылмыштарга, кримчөйрөдөгү таасир талашууларга аралашканы айтылган. Мурзахмедовдун ишин тергөө, соту жана ал кандай жагдайда бошогону тууралуу маалымат берилген эмес.

Ушул жылдын апрель айында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламентте Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерге басым кылып каражат талап кылган фактылар 90% чейин азайганын айткан.

ИИМдин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG