Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:40

Депутат Ташиев да "чет элдик өкүл" долбооруна автор болуудан баш тартты


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканын анын жардамчысы Искендер Мейманкулов 5-июлда "Азаттыкка" ырастады.

"Мыйзамдын негизги автору депутаттарга үстүртөн гана маалымат берип, кол койдуруп келген. Кийин мыйзам долбоорун терең талдап чыккандан кийин авторлуктан чыгууну туура көрдүк", - деди ал.

Бир катар маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков менен Айгүл Айдарова да аталган мыйзам долбооруна авторлуктан баш тартканын жазып чыгышты. Алар азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин сайтындагы мыйзам долбоору тууралуу маалыматта бул эки депутаттын ысымы алынган.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет аны 27-июнда 1-окууда карай турганы маалымдалган, бирок маселе күн тартибине кирген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG