Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Кытай Жозеп Боррелдин келерки аптадагы Бээжин сапарын токтотту


Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Кытай Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелдин кийинки аптадагы Бээжинге сапарын токтотту. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Набила Массрали билдирди жана кытай тарап мындай чечимдин себебин түшүндүрбөгөнүн белгиледи.

Боррел Бээжинге 10-июлда барып, Кытайдын тышкы иштер министри баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукмак. ЕБдин Кытайдагы элчиси Хорхе Толедо өткөн жекшембиде анда адам укугуна байланыштуу абал, Орусиянын Украинага каршы согушу өңдүү бир катар "стратегиялык маселелер" көтөрүлөрүн маалымдаган.

Элчи Бээжинде Тынчтык үчүн деп аталган эл аралык форумда сүйлөп жатып, Кытай менен Европа ушул жылдын сентябрь айында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасын өткөрөрүн кабарлаган. Анда экономикалык, соода-сатык мамилелер, "санарип көйгөйлөрү" көтөрүлөрүн айткан. Ушул жылдын аягында Кытайдын жана Еврошаркеттин башчылары кездешери пландалып жатканын ачыкка чыгарган.

Жозеп Боррел Кытайга сапары быйыл ушуну менен экинчи ирет токтотту. Апрель айында европалык дипломат коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандан кийин Бээжинге барбай калган. Ал кезде Боррел Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу маселе көтөрмөктүгү айтылган.

Ушул жылдын март айында Кытай жана Орусиянын жетекчилери Си Цзинпин менен Владимир Путин Москвада жолуккан. Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болгон. Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган, бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG