Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Ош: май куйган жайдагы өрттө жабыркаган кишинин абалы оор


Кыргызстандык өрт өчүрүүчүлөр жумуш учурунда. Сүрөт 2022-жылы Бишкекте тартылган жана жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация
Кыргызстандык өрт өчүрүүчүлөр жумуш учурунда. Сүрөт 2022-жылы Бишкекте тартылган жана жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация

Ошто "Россия Нефть" базасындагы чыккан өрттө жабыркаган 39 жаштагы жарандын абалы оор экенин Оштогу облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Жаркынай Өмүрзакова "Азаттыкка" билдирди.

Дарыгердин айтымында, жабыркаган жарандын денеси 90% күйгөн. 3-июлдун кечиндеги кырсыктан кийин бейтапканага ар кандай деңгээлдеги күйүк менен төрт киши түшкөн. Экөөнүн абалы жакшы деп бааланып, үйгө жиберилген.

Калган эки бейтаптын биринин абалы оор, экинчиси орто абалда.

Дүйшөмбү күнү кечки саат 18:20 чамасында Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы менчик май куючу бекетинде өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсыкта бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү автоунаанын цистернасы күйүп кеткен.

ӨКМ тилсиз жоо саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлаган.

Май куюучу жайдагы өрткө эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Себеби аныкталып жатат. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG