Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Харьков облусундагы чабуулда жабыркагандар 30дан ашты


Первомайский шаарындагы көрүнүш. 4-июль, 2023-жыл.
Первомайский шаарындагы көрүнүш. 4-июль, 2023-жыл.

Украинанын Харьков облусунда Орусиянын чабуулунан кийинки жарылууда жабыркагандар 31ге жетти. Бул тууралуу аймактын жетекчиси Олег Синегубов өзүнүн Telegram каналында жазды.

Анын айтымында, жараат алгандардын арасында тогуз бала, анын ичинде 10 айлык жана бир жашар наристе бар. Синегубов белгилегендей, шаарда көп кабаттуу сегиз үйдүн терезелери талкаланган. Төрт автоунаа өрттөнүп кетти.

4-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.35те Первомайский шаарына чабуул коюлду. Украин тарап орус аскерлери шаарды снаряд менен аткылаган деп болжолдоп жатат.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.

Орус аскерлери 4-июль күнү эртең менен Херсонду кайрадан аткылаганын, эки киши каза тапканын Украинанын Башкы прокуратурасы билдирген.

Донецк облустук аскердик админстрациясы да шейшемби күнкү чабуулда Предтечине кыштагынын бир тургуну кайтыш болгонун маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG