Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

Өзбекстан Казакстан менен чек ара боюнча келишимди ратификациялады


Казак-өзбек чек арасынан тартылган сүрөт.
Казак-өзбек чек арасынан тартылган сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзбек-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам 3-июлда Улуттук маалыматтар базасына жарыяланды. Документке 2022-жылы декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев иш сапар менен Ташкентке барганда кол коюлган.

Токаев бул келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга быйыл марттын аягында кол койгон.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын демаркацияланган сызыгынын узундугу 2356 чакырым 666 метрден ашат. Чек ара 2021-2022-жылдары Ташкент менен Астананын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде такталган.

Өзбекстан менен Казакстан чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 2003-жылы эле баштаган.

Zakon.kz сайты Сырдарыя жана Келес дарыяларынын агымынын өзгөрүшүнүн натыйжасында эки өлкөнүн чек арасы беш чакырымга узарганын жазды.

"Чек ара салттуу түрдө дарыянын форматына ылайык сызылат. 2356 чакырым 666 метр азыр чек ара. Эми ал беш чакырымга узарды", - деди Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко.

Келишимде мындан ары чек арадагы дарыялардын нугунун өзгөрүшү чек ара сызыгын өзгөртүүгө негиз болбой турганы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG