Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Ошто "Россия нефть" бекетинде чыккан өрттө эки адам жабыркады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда "Россия нефть" базасында тутанган өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ага ылайык, кырсык тууралуу 3-июлда кечки саат 6дан өткөндө кабар түшкөн. Эки бригада жөнөтүлүп, өрт көп өтпөй өчүрүлгөн.

"Өрттүн кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү авто цистерна күйгөн. Мындан сырткары эки адам жаракат алып, ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда",- деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Сокулуктун Шопоков шаарчасындагы мунай кампасында өрт чыккан. Анда жабыркаган эки адамдын биринин абалы өтө оор экени айтылган.

Милиция кырсыктын себеби иликтене баштаганы кабарлаган.

Жалпысынан мунай куюлган алты цистерна, бензин ташуучу эки машина жана төрт жеңил автоунаа күйүп кеткени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG