Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

Зеленский Саакашвилини дарылатуу үчүн Украинага жөнөтүүнү талап кылды


Михаил Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.
Михаил Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы мамлекет башчысы Михаил Саакашвилини дарылатуу үчүн Украинага жөнөтүүнү талап кылды. Ал Саакашвилинин украин жарандыгы бар экенин белгиледи.

Зеленский Тышкы иштер министрлигине Грузиянын Киевдеги элчисин чакырып, 48 сааттын ичинде Украинадан кетип, бул маселе тууралуу Тбилиси менен кеңешип келишин айтууну тапшырды.

Мунун алдында Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.

"Азаттыктын" грузин кызматынын билдиришинче, Саакашвили сотто биринчи украин тилинде сүйлөгөн. Андан соң парламенттин төрагасы Шалва Папуашвилиге кайрылып, аны "ушундай абалга жеткиришкени" үчүн кечирим сурашын талап кылган.

Зеленский Твиттердеги баракчасына "Орусия грузин бийлигинин колу менен Украинанын жараны Саакашвилини жок кылып жатат" деп жазды. Ал Киев Тбилисиден экс-президенттин Украинага кайтып келишине макулдук берүүнү бир канча жолу өтүнгөнүн, Батыштагы өнөктөштөрү мындан башка дагы варианттарды сунуштаганын белгиледи.

Алты жылга соттолгон Саакашвили былтыр жыл аягында абактан Тбилисидеги жеке клиникалардын бирине которулган. Жактоочулар анын саламаттыгы тездик менен начарлап баратканын айтышкан. Саакашвили өзү уулануунун курмандыгы болгонун билдирген. Грузин бийлиги муну четке кагып келет.

Европарламент Тбилисини Саакашвилини бошотууга жана анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Украинанын жарандыгын алган Саакашвили 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG