Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Сумыда дрон чабуулунан эки киши набыт болду


Орусиянын чабуулунан кийинки куткаруу иштери. Сүрөт Украинанын Харьков облусунда тартылган. Кабардагы окуяга тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.
Орусиянын чабуулунан кийинки куткаруу иштери. Сүрөт Украинанын Харьков облусунда тартылган. Кабардагы окуяга тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.

3-июлда Украинанын Сумы шаарында учкучсуз учактын чабуулунан курман болгондор эки кишиге жетти, дагы 19 адам жараат алды. Бул тууралуу облустук аскер админстрациясы билдирди. Ооруканада жаткандардын экөөнүн абалы оор.

Мурдараак президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак орус күчтөрү дрон менен Сумыдагы беш кабаттуу турак жайга чабуул койгонун маалымдаган.

Калаа бийлиги элге дүрбөлөңгө түшпөй, баш калкалоочу жайларда калууну эскертти.

Орусия Украинага бастырып киргенден бери Сумы облусу такай орус аскерлеринин аткылоосуна кабылууда. Акыркы чабуулдардын биринде беш жашар бала жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG