Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Жерге түшүрүп алышкан ымыркайдын абалы турукташууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте төрөт үйүндө жерге түшүрүп алышкан ымыркайдын абалы турукташып, жакшы динамика байкала башталганын бүгүн 3-июлда “Азаттык” радиосуна өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, бала 2900 граммдай болуп төрөлгөн, абалында начарлоо жок, дарыгерлер иштеп жатышат, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Окуя быйыл 26-июнда борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринде болгонун жаңыдан көз жарган келин социалдык түйүндөр аркылуу билдирген. Ал дарыгерлер тийиштүү көңүл бурбай коюшканын, бала төрөлүп жатканда өзү жалгыз калып, жерге түшүрүп алганын, анын саламаттыгы үчүн кооптонуп жатканын, төрөт үйүнүн жетекчилиги кечирим сураганын жазган.

Айрым маалымат каражаттары ымыркайдын баш сөөгү жабыркаганын жазып чыгышкан, бул маалымат расмий тастыктала элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG