Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Варшава поляк-беларус чек арасына кошумча 500 полиция жөнөтөт


Польша менен Беларустун чек арасы, архивдик сүрөт.
Польша менен Беларустун чек арасы, архивдик сүрөт.

Польшанын тышкы иштер министри Мариуш Каминьский Беларус менен чектешкен аймакка 500 полиция кызматкери жөнөтүлөрүн билдирди. Ушул тапта чек араны беш миң чек арачы жана эки миң жоокер кайтарып турат.

Каминьский кошумча күч жөнөтүү чечимин чек арадагы соңку кырдаал менен байланыштырды. Мунун алдында поляк бийлиги Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Беларуска көчүп жатканын улам өлкөнүн коргонуу кубаттуулугу күчөтүлгөнүн билдирген. Польшанын президенти Анджей Дуда бул "вагнерчилердин" Беларуста болуусу Варшава үчүн "өтө терс белги" болорун айткан.

Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. Өткөн айда, 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүз жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Орус президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG