Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:34

Коммерциялык банктарга сыртка доллар чыгарууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 23-июндан тартып өлкөдөгү коммерциялык банктарга сыртка АКШ долларын алып чыгууга убактылуу уруксат берди.

Тиешелүү документ 29-июнда мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, коммерциялык банктар, акча алмаштыруу жайлары, микрокаржылык уюмдар 15-сентябрга чейин долларды накталай алып чыкса болот. Чыгарылган накталай акчалар өлкөдөгү коммерциялык банктардын эсебине нак эмес түрдө кайтарылышы шарт.

Министрлер кабинети коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга былтыр 11-марттан тарта накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Ал эми быйыл жыл башынан тартып чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды. Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат.

Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган.

Улуттук банк билдиргендей, чектөө киргизилгени коммерциялык банктардагы накталай доллар кризиске чейинки убакыттан эки эсе көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG