Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Франция: башаламандыктын бешинчи түнүндө жүздөгөн адам кармалды


17 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу башаламандык тутанган Нантер шаарындагы көчөдө бараткан полициячылардын тобу. 1-июль, 2023-жыл.
17 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу башаламандык тутанган Нантер шаарындагы көчөдө бараткан полициячылардын тобу. 1-июль, 2023-жыл.

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу тутанган башаламандык бешинчи түнү уланды. Соңку суткада өлкө боюнча 500дөй адам кармалды. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин 2-июлдун таңында Твиттерге жазды:

«Коопусздук күчтөрүнүн чечкиндүү аракеттеринен улам түн тынчыраак өттү», - деди ал.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча коопсуздукту сактоого 45 миңдей тартип коргоочу тартылды. Лион, Гренобль жана Марсель шаарларына кошумча күч жана техника жөнөтүлдү. Бир катар калааларга коменданттык саат киргизилди.

Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөгөн. Окуя Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн.

Теги алжирлик Наэлдин сөөгү ишембиде Нантер шаарында жерге берилди. Коопсуздук чараларынын алкагында Францияда кечки саат 9дан кийин коомдук транспорттын кыймылы токтотулду, фейерверк сатууга тыюу салынды. Баарынан катуу кагылышуулар, талап-тоноолор Марсель шаарында катталды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 2-июлда баштала турган Германияга сапарын жылдырды. Ал башаламандыктарга аралашкандардын үчтөн бир бөлүгү жашы жете электер экенин белгилеп, ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Юстиция министри Эрик Дюпон-Моретти 1-июлда билдиргендей, кармалгандардын 30% жашы жете электер.

Наэлдин өлүмүнө байланыштуу 38 жаштагы полиция кызматкери атайылап киши өлтүргөн деген айып менен камакка алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG