Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:58

Испания Украинанын НАТОго киришин колдогон декларацияга кол койду


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Испаниянын премьер-министри Педро Санчес биргелешкен маалымат жыйынында. Киев. 1-июль, 2023-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Испаниянын премьер-министри Педро Санчес биргелешкен маалымат жыйынында. Киев. 1-июль, 2023-жыл

Испания НАТОго мүчө 31 өлкөнүн ичинен Украина менен декларацияга кол койгон 21-өлкө болду. Украинанын Түндүк Атлантика биримдигине киришин колдогон декларацияга кол коюлганы тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Декларацияда Украинанын НАТОго чакыруу алышы керектиги тууралуу түз кеп болгон эмес. Киев Вильнюста боло турган саммитте Орусия менен согуш жыйынтыктылган соң, НАТОго кирүү боюнча Украинага ишенимдүү кепилдиктер берилишин каалайт.

Санчес Киевге Испания Евробиримдикке төрага болгон алгачкы күнү келди.

“Мен Испаниянын төрагалыгындагы биринчи окуя Украинада Владимир Зеленский менен болушун кааладым. Украин өкмөтүнө жана парламентине тилектештикти билдирем. Биз Европада тынчтык калыбына келмейинче, украин элин колдоону уланта беребиз”, -деп жазды Санчес твиттерге.

Жогорку Радада сүйлөгөн Испаниянын премьер-министри Украинага 55 миллион евролук жардам бөлүнөрүн айтып, келечекте бериле турган курал-жарактын ичинде төрт "Леопард" танкы бар экенин кошумчалады.

Зеленский маалымат жыйында соңку аскердик-саясий окуяларга токтолуп, F-16 учагын башкара турган учкучтарды окутуунун жадыбалы ушу кезге чейин жок экенин, Батыш өнөктөштөрдүн окутууну кечиктирип жатканынын себебин түшүнбөй жатканын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG