Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Нидерланддын королу кулчулук үчүн кечирим сурады


Нидерланддын королу Виллем-Александр
Нидерланддын королу Виллем-Александр

Нидерланддын королу Виллем-Александр 1-июлда өлкөнүн кулчулукка жана анын кесепеттерине тарыхый катышы үчүн кечирим сурады.

Падыша Нидерландда жана Кариб деңизиндеги мурдагы колонияларында кулчулукка укуктук жактан тыюу салынганынын 160 жылдыгына арналган иш-чарада “Бул күнү биз кулчулуктун тарыхын эскерип жатып, мен адамзатка каршы бул кылмыш үчүн кечирим сурайм” деп билдирди.

Ал расизм коомдо дагы эле көйгөй экенин белгилеп, анын кечирим сураганын баары эле колдой бербестигин белгиледи.

Виллем-Александр 2013-жылдан бери Нидерланддын королу. Ага чейин 33 жыл анын апасы Беатрикс ханыша болгон.

Нидерланд XVII кылымда көп аймактарды, анын ичинде Индонезиядагы, Түштүк Африкадагы жана Түштүк Америкадагы жерлерди басып алган жана трансатлантикалык кулчулук соодасында чоң оюнчу болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG