Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:06

Казакстанда дагы жети киши саясий туткун деп таанылды


"Алга Казакстан" катталбаган оппозициялык партиянын лидери Марат Жыланбаев саясий туткундардын тизмесине киргизилди
"Алга Казакстан" катталбаган оппозициялык партиянын лидери Марат Жыланбаев саясий туткундардын тизмесине киргизилди

Казакстандык укук коргоочулар саясий куугунтукка кабылгандардын тизмесине дагы жети кишини киргизди. Бул туурасында "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 30-июндагы эксперттик топтун жыйынынан кийин билдирди.

Тизмеде "Алга Казакстан" катталбаган оппозициялык партиянын лидери Марат Жыланбаев, активист Аскар Сембай, активист Жандарбек Башанов, "Эл тиреги" катталбаган партиясынын жетекчиси Нуржан Альтаев, блогер Нурлан Канатов, журналист Думан Мухаметкарим, активист Тимур Данебаев бар.

Данебаев президент Касым-Жомарт Токаевди Январь окуяларында "20 миң террористтин" кол салуусу тууралуу айткан сөзү үчүн жоопкерчиликке тартууга аракет кылган.

Укук коргоочулардын билдиришинче, эксперттик кеңеш Кылмыш кодексинин 174, 258 жана 405-беренелеринде сынчыл көз карашын, ой-пикирин ачык айтып, тынч жыйындарга чогулуу укугун ишке ашырып жаткан оппозициялык жана жарандык активисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз берген саясий маани бар деп эсептейт.

Tirek.info сайтындагы тизмеде буга чейин 18 саясий туткундун ысымы киргизилген.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий мүнөздө бирөө-жарым кармалып, эркинен ажыраткан учурлар жок экенин айтып, казак түрмөлөрүндө саясий туткундардын бар экендигин четке кагып келет.

Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы туурасында АКШнын март айында жарыяланган баяндамасында Казакстанда азыркыга чейин саясий куугунтуктар уланып, саясий иштер бар экенин айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG