Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Украина "Грузин аба жолдору" компаниясына каршы санкция киргизди


Украин президенти Владимир Зеленский санкциялар Орусияга түз аба каттамдарын калыбына келтирген грузин авиакомпаниясына жана анын негиздөөчүсү Тамаз Гаиашвилиге багытталганын кабарлады.

Зеленскийдин жарлыгы бул жолу орусиялык 192 адамды, 291 юридикалык тараптарды камтыйт. Анын ичинде Беларусиянын өкүлдөрү да бар. Чектөөлөр 10 жыл бою күчүндө болот.

Быйыл майда орус президенти Владимир Путин орусиялык авиакомпаниялардын Грузияга түз учуусуна уруксат берип, грузин жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарган. Бир нече күндөн кийин "Грузин аба жолдору" да Москвага күнүмдүк каттамдарын баштаган.

Грузияда нааразылык акциялары өтүп, президент Саломе Зурабишвили Путиндин жарлыктарын “чагым” деп атаган.

Евробиримдик менен АКШ да Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө каршы чыгышты. Аталган компаниянын ээси Тамаз Гаиашвили орусиялык ТАСС агенттигине "Зеленскийдин санкцияларынын кызыгы жок" деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG