Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Молдовада аэропортто Тажикстандын жараны эки кишини атып салды


Кишинев эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.
Кишинев эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.

Молдованын премьер-министри Дорин Речан 30-июнь күнү Фейсбуктагы баракчасына Кишинев эл аралык аэропортунда 43 жаштагы тажикстандык жаран чек ара полициясынын кызматкерин жана коопсуздук кызматынын кызматкерин атып салганын жазды.

Кылмышка шектүү тапанчаны чек ара полициясынын кызматкеринен тартып алган. Окуядан дагы бир жүргүнчү жараат алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Маалыматтарга караганда, аэропортто жарандарга кол салган киши Кишиневге Түркиядан учуп келген. Аты-жөнү такталып жатат.

"Ассошиэйтед Пресс" агенттигинин жазганына караганда, окуянын алдында тажикстандык жаран Молдовадан депортацияланмак. Ал өзүн күтүү залына коштоп бара жаткан кызматкерлердин биринин тапанчасын тартып алып, ок чыгарган.

Молдованын бийлиги коопсуздуктан улам бул жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди. Атайын операциянын жүрүшүндө ал жараат алып, кармалган.

Өлкө президенти Майя Санду октон мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал бул окуядан кийин мамлекеттик мекемелерге жогорку даярдыктагы режим киргизилип, өлкө боюнча полиция жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мобилизацияланганын билдирди.

Молдованын Ички иштер министрлиги аэропорттогу окуя боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Жергиликтүү маалымат каражаттары Молдованын Башкы прокуратурасы бир нече адамды мерт кылган террордук акт беренеси боюнча иш козгогонун жазышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG