Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Франция: өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин тутанган башаламандык токтой элек


Франциядагы башаламандык
Франциядагы башаламандык

Францияда өспүрүмдүн өлүмүнөн улам тутанган башаламандык төрт күндөн бери токтобой жатат. Өлкөнүн ички иштер министри Жеральд Дарманен 30-июндун кечинде полиция 1000дей кишини кармаганын, алардын басымдуу бөлүгү жаштар экенин билдирди. Коомдук тартипти жөнгө салууга 45 миң полиция жана спецназ тартылып, алардын 79у жарат алды.

Парижде абал салыштырмалуу тынч болгону менен Марсель менен Лиондо дүкөндөр тонолуп, имарат жана автоунаалар өрттөлдү.

Марселде курал саткан дүкөндөн бир нече огу жок мылтык уурдалса, Лиондо демонстранттар полицияны фейерверктер менен аткылашкан. Башаламандыкка каршы полиция чопкутталган машина менен тик учакты пайдаланды.

Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөгөн. Окуя Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары аны аткан 38 жаштагы полиция кызматкери камакка алынганын кабарлашты.

Бейшемби күнү кечинде Наэл туулуп-өскөн Нантерде миңдеген демонстранттар полиция кызматкеринин жазаланышын талап кылып, нааразылык акциясына чыгышкан. Бирок ал митинг тополоңго айланып, полиция менен кагылышуулар болгон. Нааразылыктар Франциянын бир нече шаарларынан тышкары, Бельгияга да жайылып, Брюсселде 30 -июнда 15 киши камакка алынганы кабарланган.

Президент Эммануэл Макрон окуяга кейип турганын айтып, зордук-зомбулукту токтотууга жана “адилеттик жеңип чыгышы үчүн” элди сабырдуулукка чакырды. Ал ошондой эле окуяны тез арада иликтөөнү талап кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG