Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге кайрадан суракка кирди


Токтонасыровдун суракка кирип бараткан учуру. 1-июль, 2023-жыл. Бишкек
Токтонасыровдун суракка кирип бараткан учуру. 1-июль, 2023-жыл. Бишкек

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 1-июлда саат 11де Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка кирип кетти.

ИИМ ага карата "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Аны 30-июнда белгисиз кишилер машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Анын дайыны кийинчерээк билинип, ИИМдин Тергөө кызматында суракта экени маалым болгон.

Активист түнкү саат 11де сурактан чыккан жана ал 1-июлда да улана турганын билдирген.

Ал чөнтөк телефону тергөөчүнүн токтомунун негизинде "мүмкүн болгон далилдерди табуу" максатында алынганын айтып, документтин сүрөтүн жиберген.

Ал токтомго ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Эркинбековдун колу коюлган жана 30-июнда чыккан. Анда "тергөөчү Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап көрүп, интернетти мониторинг кылууда Өндүрүш Токтонасыров Фейсбуктагы өз акаунту аркылуу расалык, улут аралык кастыкты козутууга, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү таратып жатканы" белгиленген.

30-июнда бул факты боюнча 330-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды деп жазылган. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында активисттин телефону алынганы көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Токтонасыровдун суракка чакырылышы тууралуу комментарий бере элек. Тергөөчү Эркинбековдун өзү менен байланышууга мүмкүн боло элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG