Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге сурак берип чыкты


Өндүрүш Токтонасыров
Өндүрүш Токтонасыров

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди.

"Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. «Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың» - деп айтышты. Тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков эртең саат 11ге кайра суракка келүүгө чакыруу берип коё берди," - деди Токтонасыров.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Эркинбековдун колу коюлган токтом. 30-июнь, 2023-жыл.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Эркинбековдун колу коюлган токтом. 30-июнь, 2023-жыл.

Токтонасыров анын телефонун тергөөчүнүн токтомунун негизинде "мүмкүн болгон далилдерди табуу" максатында алып коюшканын кошумчалап, документтин сүрөтүн жиберди.

ИИМ жарандык активистке байланыштуу окуяга комментарий бере элек.

Токтонасыровду 30-июнда кечки саат тогуздар чамасында Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү 01 KG 646 номурлуу ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү машинеге белгисиз бирөөлөр салып кеткенин жакындары көргөн.

Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

65 жаштагы жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган. Ал мындай акцияларга чыккан учурда бир нече жолу милиция кармап кеткен.

2022-жылдын 17-мартында Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында башка укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова менен бирге Украинадагы согушка каршы нааразылык билдиргенде кармалган.

Бул иш сотко жетип, кийин укук коргоочуларга 3 миң сомдон айып пул салынып, сот чечимдери жокко чыккан.

Ошол эле жылдын 8-декабрында Токтонасыров орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке келишине каршы акцияга чыгуу максатында Орусиянын элчилигинин алдына барганда милиция кармап кетип, кайра бошоткон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG